Баткен облусунда коштоосуз жана бажы документи жок 133 миң 200 даана жумуртка Тажикстандан
контрабандалык жол менен алынып келингени катталды. Бул тууралуу бүгүн,
3-майда Мамлекеттик
бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Вольво-FH12 жүк ташуучу
автоунаасынын А.Р.
аттуу айдоочусу 25-апрель күнү
Тажикстандан Баткен облусунун Миң-Өрүк облусуна бара жаткан жеринен токтотулган. Учурда жумурткаларды
Кыргызстандын аймагына алып өтүүнүн мыйзамдуулугун тезинен иликтөө
чаралары жүрүүдө.