Бүгүн, 9-мартта SUPER.KG порталына КСДП фракциясынын депутаты Карамат Орозова Ө.Текебаевдин тарапташтары өткөргөн митингдер сот жүрүмүнө тоскоолдук жаратарын айтты.
"Тынчтык митингин уюштуруу боюнча мыйзам бар. Өмүрбек Чиркешовичтин күнөөсү жок болсо колдоосуз эле актанып чыгат. Мүмкүн эл өзү чыгып жатат. Бирок элдин митингге чыгуусун туура эмес деп эсептейм", - деди депутат.
Эске салсак, бүгүн 400гө жакын жаран Текебаевди колдоп митингге чыгышты.