Бүгүн, 9-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин өткөн аптада “кыйратып иштей албасак, анда тарап кетели” деген сунушу Жогорку Кеӊештин бүгүнкү жыйынында талкууга алынды. Талкуу КСДПнын депутаты Данияр Аттокуровдун "Төрөбаевдин сөзү популизм болбосо, "Өнүгүү-Прогресс" чечим кабыл алып, фракция кетип калсын" деген сунушунан кийин старт алып, эки тарап өз чындыктарын далилдөөгө аракет кылышты. Төрөбаевдин сунушу айтылган маалда КСДП тарабынан мындай реакция болгон эмес эле. Кийинчерээк, мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу маалында президент Алмазбек Атамбаев бул сөзгө кайрылып, Төрөбаевди “мародёр акесине болушуп жатат. Ошентсе да Төрөбаевдин сунушун колдойм, өз милдеттерин аткарбай, ушак таратуу менен алектенишсе, жакшысы тарап эле кетишпейби?” - деген мааниде парламентке сын айткан. Бул сөз коомчулукта талкуу жараткандан кийин КСДПчы депутат бүгүн Төрөбаевди талуу жерден кармаганга аракет кылды. "Өнүгүүчүлөр" кесиптештерин Төрөбаевдин сөзүнүн маӊызын бурмалабоого чакырышып, ал парламентти таратууну сунуштаганда "эгер калыстык кыла албасак, мыйзамсыздыкка көз жумуп отура берсек" деген сөздөргө басым жасаганын айтышса, КСДПнын депутаттары президенттин парламентти таратуу жөнүндө сөзүн түз мааниде кабыл албаш керектигин баса белгилешти. Алар президенттин парламентти кылмышка айыпталып жаткан кесиптештерин калкалабоого, мыйзамдын алкагында иштөөгө чакырып, "анте албасаӊар тарап эле кеткениӊер жакшы" дегенине токтолушту.
Жогорку Кеӊештин Регламенти жөнүндө мыйзамга ылайык, фракция спикерге парламентти таратуу сунушун киргизе алат. Аталган мыйзамдын 142-беренесинин 1-пунктунда бул норма так жазылган. Өзүн-өзү таратууга негизделген сунушту фракция төрагага берет. Ал кароо жана сунуштарды киргизүү үчүн сунушту 2 күндүн ичинде бардык фракцияларга жөнөтөт. Ушундан кийин төрага маселени жалпы жыйында кароонун датасын дайындайт. Мыйзамда кайсы бир фракцияны парламенттен кетирип салуу же өз чечими менен парламенттен кетип калары тууралуу норма жок. Соӊку кырдаалды парламентти таратуу маселесин курчутуу аракети катары баалагандар да бар. Президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев фракцияларга карата "укугуӊар бар, өзүӊөр чечкиле" деди. Жалпы караганда депутаттарда тарап кетүүгө аракет же ой, саясий эрк дагы жок. Бишкек шаардык соту бүгүн Текебаевдин баш коргоо чарасын карап, аны 2 айга камакка алуу боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул жолу да сот жыйыны өтүүчү жердин дареги так айтылбай, акыркы мүнөткө чейин сыр тутулду. Отурум шаардык соттун имаратында эмес, жабык форматта Аскердик соттун имаратында өттү. Ал эми камакта жаткан Текебаев дагы депутаттарды парламентти таратпай сактап калууга чакырып кайрылуу жасаганын фракциялаштары билдиришти. "Жеке мени эмес, эң оболу мамлекетти, Кыргыз элинин кызыкчылыгын коргоону туу тутуп, жалпы эл шайлаган жогорку органдын мыйзамдык кадырын, статусун татыктуу сактаганы үчүн Жогорку Кеңешке ыраазычылык билдирем", - дейт Текебаев. Төрөбаевдин сунушу ошентип бүгүн трибунада айтыла берчү жалындуу сөздөн чындыкка айланып кете жаздап токтоду...
Америкалык Global Finance журналынын рейтингинде Кыргыз Республикасы 50 кедей өлкөнүн катарына киргени талкууланууда. Басылманын маалыматына таянсак, Кыргыз мамлекети мурда ээлеген позициясынан дагы 6 баскычка ылдыйлап, 148-орунга түштү. Рейтинг түзүүдө Бүткүл дүйнөлүк банктын, Эл аралык валюталык фонддун жана өлкөдөгү Ички дүӊ продукциянын көрсөткүчтөрү негиз катары алынган. Жергиликтүү экономисттердин арасынан реалдуу караганда Кыргыз мамлекети 70-80-орунда турушу керектигин айтып чыккандар болду. 2017-жылы жарыялаган докладында Transparency International уюму Кыргыз Республикасын коррупциянын деӊгээли боюнча 189 өлкөнүн ичинен 136-орунга койгон. Президент Алмазбек Атамбаев муну "саясатташкан баа" деп атап, коррупция менен күрөшүүдө Кыргыз өлкөсү мыкты жетишкендик жаратканын, коррупция менен күрөшүүнүн жыйынтыгында бюджеттин киреше бөлүгү 5 жылда 3 эсе өскөнүн айткан эле. Жогорку Кеӊештин депутаттары бүгүн Тажикстан, Өзбекстанга салыштырмалуу Кыргыз айылдарында жашоо алдаганча жакшы деп белгилешти...
Парламент депутаты Евгения Строкова "Кыргыз мамлекетиндеги демократияга америкалыктар суктанып жатат" дейт. Ал парламенттеги оппозициялык депутаттарга “ушак деӊгээлинен көтөрүлгүлө” деп кеңеш берди. Кыргыз мамлекетиндеги демократияга Америка суктанып жатканына ишенүү кыйын. АКШ жүздөгөн жылдар бою бир Конституция менен жашай алган, соттору же прокурору президенттин чечимдерин мыйзамсыз деп кабыл албай коё алган, өлкө башчыны кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деп кызматтан кетире ала турган өлкө. Биз андай деңгээлге жеткиче өтө көп жана татаал жолду басып өтүшүбүз керек. Кыргызда сот тармагынын, дегеле бардык укук коргоо органдарынын бийликтен көз карандысыздыгы азырынча АКШны суктандыра турган деӊгээлге жете элек...