Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев айыл чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев айыл чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. "Үстүбүздөгү жыл өлкөбүздүн агрардык сектору үчүн татаал болсо да, жемиштүү ийгиликтер жаралды. Айыл чарбасынын негизги продукцияларын өндүрүү көбөйүп, инвестициялык долбоорлор ишке ашып жатат, фермерлерибиз жаңы жетишкендиктерди багындырып жатышат. Мындан ары да кесипкөйлүк бай тажрыйбаңыздар, дыйканчылыктын мээнеткечтик салттарын бекем сактоо, туулган жерге карата сүйүп мамиле кыла билүү сыяктуу сапаттарыңыздар сиздердин маанилүү жана керектүү ишиңиздерди мыкты аткарууга көмөкчү боло берет деп ишенемин! Сиздерге чын дилимден чың ден соолук, бардык жакшылыктарды жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалаймын!" деп жазылат куттуктоо текстинде.         
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан