Ысык-Көл облусундагы Жети–Өгүз районунда 2-май күнү саат 13:57 чамасында Липенка айылынын жанында Ауди-80 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун жээгиндеги бакты сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам каза болуп, 1 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет. Окуя болгон жерге ӨКМнын Каракол шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары барышып, 1972-жылы туулган Э.Т. аттуу айдоочуну жана окуя болгон жерде каза болгон 1978-жылы төрөлгөн Б.Б. аттуу жүргүнчүнү чыгарышып, Жети-Өгүз районунун "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришти.