"Медиа-портал" бөлүмүндөгү Жумагүл Райымжан кызынын "Суктанам" ырынын клиби тууралуу SUPER.KG порталынын колдонуучулары көптөгөн жылуу пикирлерин билдиришкен. Ырчы клип январь айында тартылгандыктан суукта үшүп калганын айтат.
"Чыгарманын аранжировкасы 1980-жылдардын стилинде жазылгандыктан режиссёрдун чечими менен сюжети жок клип тартууну чечкенбиз. Ашыкча каармандар жок, сюжетсиз, жөнөкөй тартылганына карабай көп эле кыйынчылыктар болгон. Январь айынын алгачкы суук күндөрүндө тартылган. Андыктан чоӊ студияда жука көйнөкчөн аябай үшүп калганбыз. Катуу оорубасак да, ден соолукка терс таасирин тийгизет эмеспи", - дейт ырчы.
Ошондой эле ырчы чыгарманы ыр күйөрмандары, жаштар жылуу кабыл алганын, эмгеги текке кетпегенин кошумчалай кетти.
Жумагүл Райымжан кызынын "Суктанам" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.