Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору Дүйшөнбек Чоткараевди кабыл алды.
Жолугушууда мамлекет башчысына мамлекеттик бийлик жана башкаруу системиндеги коррупция менен күрөшүү, коррупцияга каршы күрөшүү чараларын андан ары өркүндөтүү жана коррупцияны алдын алуу жана бөгөт коюу иштери тууралуу маалымат берилди.
Президент Алмазбек Атамбаев коррупция менен күрөшүү иштерин дагы күчөтүү зарылдыгын белгилеп, коррупция менен күрөшүү иш-чаралардын натыйжалуулугун арттыруу, анын ичинде коррупциялык тобокелдиктерди ашкерелөө жана алдын алуу системин бекемдөөгө багытталган таасирдүү чараларды кабыл алуунун маанисине көӊүл бурду.