Ысык-Ата районунун ички иштер органдары тарабынан дайынсыз болгон 2012-жылы 26-апрелде туулган Лидия Кашкарова изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кичинекей кыз үстүбүздөгү жылдын 7-мартында саат 8:00дөрдө үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Бою 110-115 сантиметр, арык, чачы кыска кара-саргыл түстө, көзү көк. Оң колунун бармагында күйүктөн калган тырыктар бар.
"Боз түстөгү гүлдүү топу, кара күрмө, боз түстөгү гүлдүү кофта, чаар водолазка, кызгылт шым, көк өтүк, көк байпак кийип жүргөн. Көргөндөр болсо Ысык-Ата РИИБине кабарлоону өтүнөбүз. Телефондор: 03132 61 69 07, 0701 01 76 08, 070244 44 88, 0700 05 06 90. Анонимдүүлүк сакталат, сүйүнчүсү бар", - деп жазылган маалыматта.