Чүй облусунда жаш өспүрүмдү унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 7-март күнү саат 16:40 чамасында Чүй айылында болгон. Анда жол жээгинде ойноп жаткан жаш өспүрүмдү белгисиз айдоочу унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул кылмышка шектүү катары Фольксваген Пассат унаасынын айдоочусу 28 жаштагы Ж.И. кармалган. Учурда ал тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.