УКМК депутат Жылдызкан Жолдошеванын кечээ, 2-май күнү "ата журтчу" депутаттардын соттук отурумунда айткан сөзүнө жооп кайтарды. Анын “Ак үйдүн жалпы аймагы коргоого алынбай турган объект” деп айтканына бүгүн, 3-майда “КРнын мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңештин имараты жана ага тиешелүү аймак, анын дарбазасы Мамлекеттик коргоого алынган объект катары саналат”,- деп жооп кайтарды УКМКнын басма сөз кызматы.