Бишкектеги батирлердин биринен аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 9-март күнү Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Бектенова көчөсүндөгү №1-үйдүн 26-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинен 1953-жылы туулган аял кишинин жансыз денеси табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.