Ысык-Көлдө 9-Майга карата ардагерлер хору гастролго чыгат

Каракол шаарынын мэриясынын алдындагы ардагерлер кеңешинин хору Ата Мекендик согуштун 68 жылдыгына карата жер-жерлерге гастролго чыгышат. Бул тууралуу хордун жетекчиси Үмүт Кожоева билдирди. Анын айтымында, ардагерлер хорунун  курамында 32 адам 26 жылдан бери эмгектенип келет. Алар согуштун каармандары, тылдын катышуучулары болгондуктан, жаш муундарга ыр аркылуу согуш мезгилин жеткирүүнү башкы максатыбыз деп белгилешет. Кошумчалай кетсек, бул топ жакында эле Коргоо министрлигине да чакыруу алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан