Сот Москвадагы өрттөнгөн “Печатный экспресс” басмаканасынын директору Сергей Москвин жана башкы инженери Антон Яцковдун камактагы мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматына таянып, орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Москва шаардык соту тергөөнүн өтүнүчүн канааттандырып, Москвин менен Яцковдун баш коргоо чарасын 27-апрелге чейин узартты.
Эске салсак, 2016-жылы август айында Москва шаарында басмаканадан чыккан өрттөн 17 адам каза тапкан. Алардын ичинен 14 адам Кыргыз Республикасынын жараны болгон. Басмакананын директору С.Москвин жана башкы инженери А.Яцков ишканада коопсуздук эрежелерин толук камсыз кылбаганы үчүн айыпталышууда.