Бүгүн, 10-мартта парламентте "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында Башкы прокуратура 2016-жылдагы Кыргыз Республикасындагы мыйзамдуулуктун жана аларды бекемдөөдө прокуратура органдарынын аткарган иштери боюнча отчётун берди.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 14-апрелиндеги №443-VI токтомунун 2-пунктуна ылайык, анын аткарылышы жана маалыматы “Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун 2015-жылга болгон отчёту боюнча маалымат айтылды.
Жыйындын соңунда фракция Башкы прокуратуранын өткөн жылы аткарган ишин канааттандырарлык деп тапты.
Ошол эле учурда башкы прокурордун биринчи орун басары Кылычбек Токтогулов депутаттарга ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, айтылган сунуштарды эске ала турганын айтты.