Ысык-Көл. Жол кырсыгынан тѳрт айда 34 адам каза болду

Ысык-Көл облусунда 4 ай аралыгында 104  жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен  34 адам каза болсо, алардын төртү жаш өспүрүмдөр экендиги аныкталып, андан тышкары 181 адам ар кандай жаракаттарды алган. Ысык-Көл облустук ИИБнин жол коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Насипбек Калмурзаевдин  маалыматына таянсак, бул көрсөткүч жылдан-жылга өсүп, көбүнчө Каракол шаарында жана Ак-Суу райондорунда жол кырсыктары көп катталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан