Башкы прокуратура Бишкектеги №100-бала бакчанын имараты жеке менчикке өтүп кетиши боюнча сотко кайрылды

Башкы прокуратура Бишкектеги №100-бала бакчанын имараты жеке менчикке өтүп кетиши боюнча сотко кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында башкы прокурордун биринчи орун басары Кылычбек Токтогулов билдирди.

"Имараттын жарымы жеке менчикке өтүп кеткени боюнча тактап, ушул жуманын башында район аралык сотко кайрылдык", - деди Токтогулов.

Депутат Тазабек Икрамов буга чейин эле бул суроону көтөрүп келгенин айтты.

"Учурда бала бакча жетишсиз. Мамлекеттик болгондон кийин аны кайтарып алыш керек", - деди.

Токтогулов депутаттардын аракети менен биргеликте бир нече бала бакчаны мамлекетке кайтарылганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан