“Кой-Таш айылындагы аскердик бөлүктө кызмат өтөгөн ефрейтордун өлүмү тууралуу маалыматты жашыруу үчүн аскер кызматкерлери аны Чүй облустук ооруканасына жеткиришкен" деп интернет маалымат булактарында жазылып жүрөт. Бул маалымат калп”,- дейт Коргоо министрлигинин тарбия иштери боюнча жетекчиси Эрнис Эламанов бүгүн, 2-майда маалымат жыйында. Анын айтымында, кырсыктын катышуучулары жумуш убактысынан кийин айылдагы үйлөрдүн биринде арак ичип отурушкан. Кырсык болгондо "Тез жардамды" үй ээси чакырган жана ал жерге Чүй облустук ооруканасынын кызматкерлери келишкен. “Биз ефрейтор А.Керимбаевдин өлүмү үчүн жооп бербейбиз. Ал менен биз контракттык келишимде гана иштеп келгенбиз. Жумуш убактысы кечки саат 6да бүтөт. Андан кийинки маалда биз аларга өз каалагандарын жасоого тыюу сала албайбыз”,- деп кошумчалады Э.Эламанов.