“Денеге атайын залал келтирген” деп шектелип 20 жаштагы адам кечээ, 2-майда кармалды. Бул тууралуу бүгүн, Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы кабарлайт. Окуя тууралуу айта кетсек, 27 жаштагы борбордун тургуну Н.У. милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылып, “эртең менен саат 9:00 чамасында бейтааныш адам эч кандай себепсиз сол бутума бычак сайып кетти” деп билдирген. Мындан улам Ленин райондук ИИБинин кызматкерлери иш сууй элегинде 20 жаштагы Б.Т. аттуу адамды “Денеге атайын залал келтирген” деген шек менен кармашты. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.