SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Табитти ачкан" өбүшүү" деген тема талкууга алынууда.
Темада автор мындай суроо салган: "Сүйүүнүн көзү ушунчалык деңгээлде сокурбу? Айтайын дегеним, тамеки тартып, насывай аткан адамдар менен өбүшүү тууралуу. Сүйгөн адамың тамеки чексе деле өбүшө бересиңерби?"
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Өбүшкөндөн деле чарчайт экенсиң".
"Мурда жигит менен өбүшө элек болчумун. 3 күн мурда бир жигит менен таанышкам, жолугушууга чакырды, чыктым. Сүйлөшүп отуруп "сенин таттуу эриндериңди таткым келет" дейт, "мен өбүшкөндү билбейм" десем кыйнап эле өөп салды. Өбүшкөн ушундай жакты дейсиң..."
"Күнүнө 2 жолу өбүшсөңөр болот, бир өбүшүү 30-45 секундга созулса болот, бир күндө көп өбүшсөң кызыгы кетет".
"Гигиенаны сактап жүрсөң тамеки, насывайдан эч кандай маселе болбойт".
"Менин сүйлөшкөн кызым тамеки чегет, аны менен кучакташып, мoюнунан өпсөң ушундай ырахат, өбүшкөндө таптакыр башкача, ары жагын айтпай эле коёюн".
"Эгер мен жолуккан баланын оозунан жаман жыт чыгып, бирок мен аны аябай жактырып жатсам, качпайт болчумун. Ошондой эле өбүшүп, кыз-жигит болуп да жүрбөйт элем. Жөн эле дос болуп жүргөнгө аракет кылмакмын. Убакыт өтүп, аны жактырбай калмакмын".
"Эгер оозунан жагымсыз жыт чыкса, өбүшпөйм, шарт эле "ме, сагыз чайна" деп айтам".
"Андайлар менен эч качан өбүшкөн эмесмин жана өбүшүүдөн алысмын. Деги эле тамекинин бир аз билинер-билинбес парфюмдагы жытын жактырам. Бирок өбүшкөндө оозу-мурдуңду бүтүндөй каптаган жыт менен даам абдан жийиркентет!"
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.