SUPER.KG порталынын кабарчысына кол көтөргөн аял административдик жазага тартылды

Бүгүн, 3-майда Свердлов райондук сотунун имаратында SUPER.KG порталынын кабарчысы Ширин Жумадиловага кол көтөргөн Жаннат Акматовага байланыштуу сот отуруму өттү. Айыпталуучу кылган айыбын моюнга алды. Сот ишине төрагалык кылган судья Мелис Абдухалыков КРнын Административдик жаза кодексинин 364-беренесинин 1-бөлүгү боюнча Жаннат Акматовага 300 сом айып пул төлөө менен 8 саатка коомдук ишке тартыла тургандыгы тууралуу чечим чыгарды. Чечим чыгарууда Ж.Акматованын 7 жаштагы жаш кызын жана студент баласын жалгыз өзү карай турганы эске алынды. Эске салсак, кечээ, 2-майда Бишкек шаардык сотунда "ата журтчу" 3 депутат боюнча өтүп жаткан соттук отурумда жыйынга катышуучулардын бири кесиптешибиз Ширин Жумадилованы маданиятсыз сөздөр менен сөгүп, аны жулкулдатып, отурган ордун тартып алып, фотоаппаратын, нетбугун ыргытып жиберүүгө аракет жасаган. Сот отурумунан чыккан соң да журналисттердин аброюна шек келтирүүчү сөздөрдү жаадырган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
dinar_13G
2013-05-03 12:32:19
ушу катип сот болсун жаман соз айтып жулкулдатып алып 300сом 8саатык иш менен кутулабы, жакшыраак жазалаш керек болчу кайра эч качан кайталабас учун.
+1
sagun
2013-05-03 13:07:24
ырас гана болуптур.
0
toktopolot79
2013-05-03 13:11:15
азыркы кээ бир журналистер да ушуга татыктуу. элдин ишеничинен чыга баштаган. себеби элге туура жана толук маалымат бере алышпайт. бийликтин кетирген катачылыктары жонундо такыр жазышпайт.
0
tagokg
2013-05-03 14:27:00
toktopolot79, эн калыс соз!!!!! бардык журналисттерге тиешелуу соз.
0
Xamer
2013-05-03 14:35:11
toktopolot79, Ташиевдин 7 каналын айтып жатсанар керек, кече биздин жактоочуну уур-токмокко алды деп корсотту деп нааразы болуп окурмандар жазып аткан, анан ушуну коруп, угуп туруп башкаларды сындабай эле койгулачы. Мен Ширинди жактаган жерим жок, бирок жанагыл аялдын ошол жерде корсоткон маданияты бул оппозициянын анык жузу деп тушуномун.
+1
bela77
2013-05-03 15:42:18
Xamer,ха-ха точно аялдын ошол жерде корсоткон маданияты бул оппозициянын анык жузу деп тушунуш керек.Аман эле болгула айланайындар!!!Митингчилерди акчага сатып алып жаткандан кийин кичине сабаттуурагын алгылачы уят болбой айланып-тегеренип кетейиндер!!!
0
Debi
2013-05-03 16:40:30
Аз, 8 күн иштетиш керек болчу, 3000 сом тарттырыш керек болчу.
+1
moon_honey
2013-05-10 17:56:05
8саат аябай аз..+мындай адеби жок аял кантип кандай тарбия берет балдарына?..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан