6 ай Кыргыз өлкөсүндө жашаган япон кызы: "Кыргыздар менен япондордо чоң окшоштук бар"

6 ай убакытта бат эле кыргыз жерине көнүп, жактырып калган япон кызы Харукко Танаги Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине долбоор аркылуу 6 айлык келишим менен келген. Ал бул убакыт аралыгында университеттен тышкары каналдардын биринде да сабак өтүүгө үлгүрүп, телекөрүүчүлөргө япон тилин үйрөткөнүн 10-мартта SUPER.KG порталына кабарлады.

"Кыргыздар менен япондордо чоң окшоштук бар. Кыргыздардын эске тутуму абдан күчтүү экен, мен муну өзүм окуткан окуучу, студенттерден байкадым. Өзүм бул өлкөнүн тилин билбесем да, жергиликтүүлөр менен сүйлөшүүдө кыйынчылыктар болгон жок. Жарандардын кабыл алуусу жакшы болгондуктан, бардык жерде оюмду оңой эле түшүндүрүп жаттым" , - дейт Харукко.

Харукко эртең таңга жуук өз өлкөсүнө кайтат. Ал лагман менен палоону абдан жакшы көрөрүн айтат.

"Гүлжигит Калыковдун "Сен дегенде" ыры абдан жаккандыктан, жаттап алып ырдап жүрөм. "Чоро" тобунун ырларын да угуудан ырахат алам", - деген Харукко өлкөбүздөгү кесиптештери менен коштошуп жатып көзүнө жаш алды.

Харукко 24 жашта, кесиби боюнча журналист.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Asedullah1996
2017-03-10 18:47:50
Татына эжей экен
+7
sirgak_92
2017-03-10 18:51:28
Жаман сулуу экен эээ
+8
Asedullah1996
2017-03-10 19:08:21
sirgak_92,япондун кыздары дуйнодогу эн сулуу дешет
+6
salimbek87.kg
2017-03-10 19:24:06
Asedullah1996,сулуулук журокто болот келбетте эмес
+1
Doni99
2017-03-10 22:57:33
Adamga Adam okshoitta anan
+1
ekaterinburg
2017-03-11 05:55:34
sirgak_92,кетирбей алып калбайсынбы?Той кылып ийебиз нары-бери?
+2
кыргыз Алик
2017-03-10 20:18:22
6 ай ичинде Кыргыздар учун коптогон жакшылыктарды кылыпсыз. Эмгегинизге Рахмат. Кайда журсонуз да бактылуу болунуз.
+8
sumaya
2017-03-10 21:48:58
Кыргызга окшош экен,аябай жылдыздуу сулуу экен.
+4
Izdeim_seni.
2017-03-11 13:29:52
Оо,япондорго окшош экенбиз деп дердейип калдынар кой десе болбой. Мен японияда брлгом,эч окшоштугу жок. Биздей болуп алдамчы,паракор,зоокур,балдарды зордуктаган адамдар Ал жакта жокко эсе. Кыргыздардай шылуун эмес япондор
-2
toko77
2017-03-14 16:59:59
Туура айтасын ИЗДЕЙМ СЕНИ. алар салтты катуу кармашат, алдамчылар жоок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан