Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылынын жашоочусу Асел Ибраева 7 баласына 7 миң 200 сом өлчөмүндө жөлөк пул алды. Бул тууралуу, бүгүн 10-мартта Нарын райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Гүлзат Сардарбекова билдирди.
Анын айтымында, бул үй-бүлөнүн балдарына жөлөк пул 28-февраль күнү эле берилген.
"Мен почточудан сурап, атайын тактагам. Аселдин жолдошу өзү акчаны алып кеткен экен. Январь айында жолдошунун жумуштан бошогондугу тууралуу документтерди алып келишкен. Февраль айынан тартып жөлөк пул чектеле баштады. А.Ибраимованын "акча бериле элек", - деген маалыматын окугандан кийин жолдошу экөөнү тең чакырдым. Азыр почточу менен келишти, акчаны алгандыктарын аныктадык", - деди Г.Сардарбекова.
Асел Ибраева, жолдошу Токтогул Исаков жана почточу
Ал эми Асел Ибраевага байланышканыбызда, жөлөк пулду жолдошу алгандыгын, бирок аны Аселге айта элек экенин билдирди.
Жолдошу Токтогул Исаков мынчалык ызы-чуу кылуунун кажети жок экенин айтат.
"Колуктум шаарда ооруканада болчу, буга байланыштуу акчаны мен алгам. Азыр эле шаардагы ооруканадан келди. Биздин райондук социалдык өнүгүү башкармалыгына эч кандай дообуз жок", - деди А.Ибраеванын жолдошу.
"Токтогул Исаков жумушка орношкондугуна байланыштуу үй-бүлөсүнүн минималдуу кирешеси эсептелинген. Үй-бүлөгө тиешелүү болгон үлүш жерлер да киреше булагы катары нормаларга ылайык каралат. Мындан улам 2015-жылы Токтогул Исаков жумушка орношкондо балдарына жөлөк пул токтотулган. Кайрадан жыл башында жумуштан бошогондугу тууралуу документтерди алып келишти, февралдан тартып ай сайын 7,200 сомдон жөлөк пул берилет", - деп кошумчалады Г.Сардарбекова.