Эстакадалык көпүрөнүн шыбагы бүгүндөн тарта калыбына келтириле баштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаарынын мэриясынын шаардык курулуш жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов бүгүн, 10-мартта кабарлады.
"Жыгылган келиндин 1,5 жашар кызы бар экен, өзү 1992-жылкы. Учурда абалы жакшы. Маршруткадан түшүп, бара жатып жыгылыптыр".
"Көпүрөнү салган "Сафари" жоопкерчилиги чектелген коому көпүрөнүн сапатына 2017-жылдын декабрь айына чейин кепилдик берген. Көпүрө дубалдары былтыр күзүндө шыбалган соң аба ырайы төмөндөп, шыбак тоңуп калыптыр. Аларга декабрь айында бул боюнча доо жөнөтүлгөн. Март айында күн жылыса, оңдоо иштерин жүргүзүп, калыбына келтиришерин билдиришкен", - деди М.Исраилов.
Эскерте кетсек, окурман 8-мартта Оштогу эстакадалык көпүрөнүн шыбагы кош бойлуу келиндин башына түшүп, ал эсин жоготконун кабарлаган.