Ош облусунда мал уурулукка шектелгендер кармалды

Ош облусунда мал уурулукка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын январь айында Өзгөн РИИБине 34 жаштагы Ы.М. жана 40 жаштагы Ш.К. арыз менен кайрылышкан. Анда алар белгисиз адамдар короосундагы бир канча мал жандыктарын уурдап кетишкенин айтышкан. Бул кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 23 жаштагы О.А. жана Н.Б. аттуу тургундары кармалышты.

Ошондой эле февраль айында Кара-Кулжа РИИБине К.Б. аттуу жаран кайрылып, белгисиз адам торпокторун уурдап кеткенин айткан. Буга шектүү катары Кара-Кулжа районунун 25 жаштагы О.А., 24 жаштагы Ж.А., 26 жаштагы Т.Ы. колго түштү.

Азыркы тапта кармалгандарга кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nevestkaa
2017-03-10 22:20:04
Мен да Өзгөндөн болом 2015-жылы январь айында эки уй эки койду уурдаттык жер жуткур ууру табылган жок ,О.Н.Б.К.Т.Б ошол уурулар да силер эмессиңер беле?Ай Н.Б К.Б ууруларды кантип таап беришти "милийсалар".
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан