Путин менен Эрдоган Орусия-Түркия мамилесин талкуулашты

Орусия президенти Владимир Путин менен Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган бүгүн, 10-мартта жолугуп сүйлөшүү жүргүзүштү. Президенттер өлкөлөр ортосундагы кызматташтык, "Турецкий поток" өңдүү ири долбоорлорду ишке ашыруу жаатында пикир алышты. Путин Орусия-Түркия байланышы татыктуу деңгээлге чыкканын белгилеп, Сирия боюнча кызматташууну эскертип өттү. "Эч ким күткөн эмес. Аскердик мекемелер жана атайын кызматтардын деңгээлинде мындай эффективдүү байланыш түзүлгөнүн белгилөө абдан жагымдуу", - дейт Путин.

Эрдоган Путинди "дос" деп атап, энергетикалык кызматташтык тууралуу пикирин айтты. "Жаратылыш газы жаатында, башка маселелер боюнча да процесс улам өнүгүп баратат. "Турецкий поток" долбоору жана "Аккую" АЭСи боюнча кызматташтык мурунку агымга кайтып келди", - деди Эрдоган.

Путин менен Эрдоган акыркы жолу 2016-жылдын октябрында Стамбулда, Бүткүл дүйнөлүк энергетикалык конгресстин алкагында жолугушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан