Балыкчыда гемодиализ борбору ачылды

Кечээ, 10-мартта Балыкчы шаарында гемодиализ борборунун салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев катышты. Борборду куруу жана жабдуулар жеке ишкер, меценат, Балыкчы шаарынын тургуну Мирлан Исагалиев тарабынан каржыланган. Имарат 2 миллион сомго салынса, 5 даана диализ жабдуусу 15 миң доллардан айланган, суу тазалоочу системи 5 миллион сомго орнотулган.

Меценаттын айтымында, борбор муниципалдык менчикке бекер өткөрүлөт.

"Саламаттыкты сактоо министрлиги гемодиализ алып жаткан бейтаптарга көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылыгын билдирет", - деген министр өз сөзүндө.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 9-мартына карата республика боюнча, "Бирдиктүү республикалык реестрде" 1389 бейтап бар. Алардын 27синин гемодиализге болгон муктаждыгы жогору болуп, жеке медициналык борборлордо акы төлөп дарыланышат. Мамлекеттик саламаттыкты сактоо мекемелеринде 8, "жасалма бөйрөк" бөлүмүндө 82 диализдик жабдуу иштейт. Гемодиализ кызматы үчүн 2016-жылы Борборлоштурулган иш-чаралар боюнча 205,3 миллион сом төлөнгөн. Жалпысынан бюджеттик каражаттан 555 бейтап гемодиализ алып турушат. Алардын 203ү жеке борбордо, Бишкекте 165, Ошто 37 бейтап.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
baltabai
2017-03-11 10:27:40
Жакшы Жан к экен
+1
ZANIA-92
2017-03-11 11:27:01
акчаны ушинтип пайдалуу нерсеге коротсо болот экенго.
+1
meni_kut
2017-03-11 11:37:14
2007-,жылы кайдале аттин(((
+2
arlekino
2017-03-11 12:39:36
Браво андан башка соз жок. Канча атка минээрлер каражатын койнуна катып озунун кызыкчылыгына коротушат. Ушундай эр азаматтар коп болсо алда качан эл жерибиз онолмок. Кандай аял тороду экен мындай уулду баракелде бар бол.
+3
tyrgon
2017-03-11 23:43:59
бизнесмен салдырыптыр окмоттун караны ачылыштале корунот. ойлоп коем ушу окмоттун деле кереги жокпу деп (((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан