Көз карандысыз журналисттер союзу бийликтин ЖМКларга койгон доолорун кайтарууга чакырды

Башкы прокуратура Азаттык менен Заноза.кг сайттарын, ал эми КДСП партиясы 24.кг сайтын жана укук коргоочу Рита Карасартованы сотко берген. Буга байланыштуу Көз карандысыз журналисттер союзу кечээ, 10-мартта бийликтин жалпыга маалымдоо каражаттарына койгон доолору боюнча тынчсызданып жатышканын билдиришти.

"ЖМК жана өлкөнүн бийлиги ортосундагы мамилелеринин тарыхы көрсөткөндөй, прессага болгон мындай басым - бийликтин сөз эркиндигине чектөө киргизүү жана маалымат аянтын башкаруу аракети болгон. Мындай аракеттер куугунтукка кабылган редакциянын банкрот болууга мажбур болушуна жана жабылышына кыска убакытка гана эффективдүү болгону менен, тескери жыйынтыкка алып келген.

Жакпаган ЖМКларды тандоо, мамлекеттик унааны туура келбеген ойлордун артынан түшүү үчүн колдонуу, сынды туура кабыл албоо жана тең укуктуу сүйлөшүүгө жөндөмсүздүгү - сөз эркиндиги менен күрөшүү аспабы. Аларды демократиялуу коомчулукта колдонуу мүмкүн эмес, ал укуктук мамлекеттин принциптеринен чегинүүнүн белгиси.

Ошол эле убакта ЖМК тараткан маалыматы үчүн жооптуу экенин да баса белгилөө керек. Биз ЖМКга болгон басым, фактылар тууралуу ачык талкууну ачууну, ЖМКнын ишинин сапатын, жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууну сунуштайбыз", - деп жазылат алардын билдирүүсүндө.

Союз бул абалдын жүрүшүн көзөмөлдөп, юридикалык жагын гана эмес, жалпы-саясий атмосфераны изилдөөнү улантарын кошумчалаган.

"Бул абалда бийликтин ЖМК менен талаш маселелерди чечүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрү болбой калган жок. Андыктан кыйындап жаткан абалды курчутпоо үчүн бардык доолорду артка кайтарууга чакырабыз. Биз жалпы коомчулуктун кызыкчылыгында конструктивдүү мамилелерди күтөбүз", - дешкен көз карандысыз журналисттер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
mamatmusakuzuraziya
2017-03-11 16:50:48
Бийлик соз тирешин озу баштады КТРКдан бийлик оз апоненттерин жалган жалаа такталбаган маалыматтар м.н кун тун дебей кечке берип жатты. Оздору бироонун абройуна шек келтирип жаткандарын билишпейт дагы президентке келгенде аны эстеп калышат. Озу негиди эл арасында президенттин абройу барбы? болсо канчалык? Абройун акча м.н ченейби?
+3
Asyl10
2017-03-12 19:48:14
mamatmusakuzuraziya, кыргызга кайсы президент жаккан? Акаев,Бакиев жакпады,эми Атамбаев да срогу бутоордо жакпай баштады, мындан кийин ким президент болсо ал да жакпайт. Андан кийинки президент да жакпайт кыргызга. Саясатчылар иштебей эле бирин-бири чукумай,"мен кыйын,мен кыйындар" Эки кыргыз бирге отуруп саясатты суйлоп, соз талашып мушташат. Ошондуктан мамлекетибиз онукпойт.Башка мамлекеттерге кулку эле болуп жатабыз.
0
Asyl10
2017-03-12 19:37:49
Чындыгында азыр эркин журналисттер эркинбиз деп эле ойду-тоону жакшылап териштирип,тактабай эле жаза беришет. Тележурналисттер болсо сайттардан ушак маалыматтарды алып алып эле экрандан окуп салышат, алардын чын-тогунун такташпайт деле.Анын аркасынан элди эки тарапка болуп салышууда. Мамлекеттин бутундугуно коркунуч жаратышууда.Ар бир маалымат учун аны жарыялаган журналистпи,телеканалбы жоопкер болуусу керек.Бизде соз эркиндиги ээн баштыкка айланып баратат.Оозума келгенди оттой берем дегендей
0
Asyl10
2017-03-12 19:42:26
Соз эркиндигин биздин журналисттер таптакыр башкача тушунуп элдин башын айлантып салышты. Бир теле же гезит бирди айтса,экинчиси башканы айтып элди ТВ менен гезиттер партияларга, тундук- туштукко болуп жатышат. Телеканалдар ото эле саясатташып кеткен. Россиянын телеканалдары да мынчалык саясаттын артынан тушушпойт, алар элге жагымдуу маанай тартуулашат. А бизде болсо ар бир телеканал оздорунун саясий "шапкасынын" созун суйлоп эле куну-туну сайрашат. ХХХ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан