Үрүмчүгө кире албай турган Кыргыздын оор жүк ташуучу унаалары тууралуу Сооронбай Жээнбеков кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын аймагындагы кыргыз жүк ташуучуларынын айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жана Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов катышты.

Жамшитбек Калилов маалымдагандай, буга чейин министрликке жүк ташуучулардын өкүлдөрү кайрылышып, Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдук районундагы бажы пунктунда 100гө жакын жүк ташуу каражаттары турганын, аларды автоунааларынын чиркегичтери жана жарым чиркегичтери брезент менен жабылганына байланыштуу жүктөөгө тыюу салынганын айтышкан.

Кытай тараптан алдын ала эл аралык ташууну жүзөгө ашырган чиркегичтер жана жарым чиркегичтер брезент менен жабууга тыюу салуу боюнча расмий билдирүү келип түшкөн эмес. Азыркы учурда министрликтин кытай тарапка жолдогон суроосуна жооп келе элек.

Кеңешменин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министринин орун басарын кырдаалды иликтөө максатында КЭРге жөнөтүү, ошондон кийин гана тийиштүү чаралар көрүлөрү тууралуу чечим кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Parish
2017-03-12 09:03:31
Бул жон гана кытай тараптан коюулган шылтоо,эмне учун анда кытайдын оор жук ташыган унаалары биздин жерде кенен тосколдугу жок журушу керек???Жээ алар жолго акча толошобу??
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан