11-мартта Бишкектеги Улуттук кыргыз драма театрында Эл артисти Ашыраалы Айталиевдин 90 жылдыгына арналган жаш акындардын айтышы болуп өттү. Анда акындар Акматбек Султан уулу, Нурсултан Ыманбеков, жаш акын Элмирбек Иманалиев, Асылбек Маратов, 13 жаштагы Темирбек Матыбаев, Болот Назаров, Акжолтой Канат уулу, Кадырбек Бейшенов, Мундузбек Усупбаев, Эламан Келдибеков, Арген Биймырза уулу жана кыздардан Изат Айдаркулова, Мырзайым Айтымбетова катышышты.
Акындар турмуш, коом, саясаттагы окуяларды, көйгөйлөрдү тамаша, куйкум сөздөр аркылуу төгүп жатышты. Эл жаш акындарга дүркүрөтө кол чабуулар, кыйкырык сүрөөн менен дем берип турду.
Айтыштын жыйынтыгында эң көп упай топтогон Болот Назаров баш байгеге - 150 миң сомго ээ болду. Биринчи орунду алган Мундузбек Усупбаевге 100 миң сом, экинчи орунду алган Темирбек Матыбаевке 60 миң сом, ал эми үчүнчү орунду алган Асылбек Маратовко 30 миң сом тапшырылды.
Ошондой эле калган жаш акындарга 8 миң сомдон акчалай сыйлыктар берилген. Белгилей кетсек, айтыштын байге фонду бул ирет 500 миң сомду түзүп, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз тарабынан каржыланган.