Белгилүү орусиялык ырчы Алексей Чумаков 36 жашка толду. Ал 1981-жылы 12-мартта Өзбекстандын Самарканд шаарында туулган. 11 жашынан тартып өзү жазган ырларды ырдап сахнага чыга баштаган. Өзүнүн эң алгачкы ыры менен Алексей Чумаков Самаркандда өткөн "Таңкы жылдыз" сынагына катышып, биринчиликти алган.
Бүткүл Орусияга ырчынын атагы 2003-жылы "Эл артисти" долбооруна катышып, үчүнчү орунду ээлегенден кийин тараган. Ошондон тартып көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган. Ал "Бул кара көздөр" (Эти чёрные глаза), "Параллелдүү түрдө" (Параллельно), "Болгон жана болот" (Было и будет), "Өзгөчө" (Необыкновенная), "Эгер мени сүйбөй калсаң" (Если меня разлюбишь), "Бардык жерде" (Тут и там) сыяктуу хит ырлардын автору жана аткаруучусу.
Жеке жашоосу
А.Чумаков 2014-жылы 5 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн сүйүктүүсү Юлия Ковальчукка баш кошкон.
12-мартка карата жылнаама