Мамлекеттик жана саясий ишмер Иса Өмүркулов 60 жашка толду. Ал 1957-жылы 12-мартта Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Горная Маевка айылында туулган. 1980-жылы Фрунзедеги политехникалык институтун инженер-механик адистиги боюнча бүтүргөн. 1989-1990-жылдары Казакстандагы Жогорку партиялык мектепте угуучу болгон.
Эмгек жолун 1976-жылы Кыргыз ССРинин Илимдер академиясында лаборант болуп иштөө менен баштаган.
1978-1980-жылдары Фрунзе шаардык транспорттук агенттигинде диспетчер болуп иштеген.
1980-1981-жылдары Комсомолдун Кант райкомунда инструктордун милдетин аткаруучу кызматын аткарган.
1981-1984-жылдары Фрунзе шаарындагы №3-автопаркта автоколоннанын башчысы болгон.
1984-1986-жылдары ЛКЖБ БКда инструктор;
1986-1989-жылдары Партиянын Фрунзе шаарындагы Свердлов райкомунда инструктор;
1991-1994-жылдары КРнын Вице-президентинин, Биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы;
1994-1998-жылдары КРнын Башкы транспорттук инспектору;
1998-2005-жылдары КРнын Темир жол башкармалыгынын башчысы;
1995-2007-жылдары I, II, III чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.
2007-2010-жылдары КСДПнын тизмеси боюнча IV чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2008-жылдан баштап Бириккен эл кыймылынын (БЭК) саясий бюросунун мүчөсү.
2010-жылдын апрелинен 2011-жылдын февралына чейин Бишкек шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу, ал эми 2011-жылдын февралынан 2013-жылдын 5-декабрына чейин Бишкек шаарынын мэри болгон.
2015-жылдын 4-октябрында КСДПнын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Учурда аталган партиянын лидери.
12-мартка карата жылнаама