Чек арадан өтүп жаткан транспорттук каражаттарды каттоодо бир катар мыйзам бузуулар белгилүү болду

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Чүй облусундагы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан көзөмөл-өткөрмө пункттарынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти.

Жеңиш Разаков "Чалдовар-автожол", "Ак-Жол", "Ак-Тилек-автожол", "Кең-Булуң-автожол", "Токмок-автожол" көзөмөл-өткөрмө пункттарын көрүп чыгып, ошондой эле "Чалдовар" жана "Ак-Тилек" салмак габариттик көзөмөл пунктунун иши менен таанышты.

Чүй облусунда көзөмөл-өткөрмө пункттарын текшерүүнүн жүрүшүндө мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлеринин ишинде мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан транспорттук каражаттарды каттоо журналын толтурууда бир катар мыйзам бузуулар белгилүү болду.

Вице-премьер-министр мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы жана мамлекеттик чек ара кызматы аймактык ыкчам топтор менен мамлекеттик чек ара аркылуу күйүүчү-майлоочу майлардын жана эл керектөөчү товарлардын мыйзамсыз ташуу фактылары боюнча биргеликте иш алып баруу маселесин талкуулады.

Жеңиш Разаков мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилигине көзөмөл-өткөрмө пункттарынын ишин жакшыртуу жана мобилдүү топтор менен өз ара кызматташууну колго алууну тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан