Түркия менен Нидерландынын ортосунда дипломатиялык жаңжал чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн ортосунда түшүнбөстүктөр Нидерланды түркиялык Тышкы иштер министринин учагына конууга уруксат бербей койгондон кийин башталган. Учурда Түркиянын бийлигинин мүчөлөрү Европа боюнча Түркиядагы конституциялык реформаларды коргоо боюнча саясий кампанияларды жүргүзүп жатышкан. Нидерланды коопсуздукту камсыздоо максатында түркиялык саясатчыларынын катышуусу менен иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салганын билдирген. Иш-чара кечээ, 11-мартта Роттердамда болмок. Ага карабастан, Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу сапары менен келмек. Ал Нидерландыга конууга уруксат ала албай, Францияга конууга мажбур болгон. Мындан улам Роттердамга Германиядан Түркиянын Үй-бүлө жана социалдык саясат министри Фатма Бетюль Сайян Кайя унаа менен келген. Жергиликтүү укук коргоо органдары анын унаасын Роттердамдагы Түркиянын консулдугуна 30 метрдей жеткирбей токтотуп, чогулган түрктөргө жолуктурбай, кайрадан Германияга узатышкан. Министр өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Нидерланды бийлиги Эл аралык конвенцияны, адам укуктарын бузуп жатканын жазып чыккан.
Түркиянын президенти Тайип Эрдоган Нидерландыны "нацисттердин жолун улоочулар, фашисттер" деп атап, Анкара буга жооп берерин билдирген. Өз кезегинде Нидерландынын премьер-министри Марк Рютте президенттин айтканын "обу-жок билдирүү" деп атаган.
"Албетте, ата теги түрк болгон голландиялыктар референдумда добуш бере алышат. Жолугушууга тыюу салган эмеспиз, ага байланышкан иш-чара коомчулук үчүн кооптуу болбой, консулдуктун имаратына өткөнү жетиштүү болмок. Алар компетенттүү органдар менен иштешиши керек болчу", - деген Нидерланды бийлиги.
Кечке маал Роттердамдагы Түрк консулдугунун имаратынын алдына нааразы болгон 2 миңдей түрк чогулуп, полиция кызматкерлерине ар кандай нерселерди ыргыта башташкан. Полиция күч колдонуу менен, алардын бир нечесин кармап, калгандарын таратышкан.
Ал эми Түркия Анкарадагы Нидерландынын дипломатиялык өкүлчүлүгүн курчап, коопсуздук максатында жүргүзүлгөн аракет экенин билдирген.