Кыргыз мушкери Басызбек Баратов америкалык атаандашын жеңди

Кыргыз мушкери Басызбек Баратов АКШдагы Филадельфия шаарында 10-мартта өткөн профессионалдык бокс боюнча турнирде америкалык атаандашы Тайрон Арзенону утуп алды. Бул тууралуу америкалык Файтньюс басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, турнир Түштүк Филадельфиядагы "2300 Arena" клубунда өткөн. Бул мушташ Тайрон Арзенонун дебюту болгон. Эки боксчунун беттеши 4 раундга созулуп, 3 калыстын 2өө Басызбек Баратовду колдоп, кыргыз мушкери жеңишке жетишкен.

Белгилей кетсек, Басызбек Баратов эми 18-мартта Пенсильванияда өтө турган турнирде кайрадан америкалык Аурель Лав менен кез келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
munduz2016
2017-03-12 15:48:20
Азамат!!!
+4
padysha
2017-03-12 17:39:22
Аты шумдукко. Алга Басызбек.
+3
adi.ali94
2017-03-12 20:44:08
Молодцы братан!!! Жеңишиң кут болсун!
0
ABDulHai
2017-03-12 20:47:27
Ийгилик дагыда молодцы
+1
Maks_kg
2017-03-12 23:41:33
Азамат алга
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан