Мындан 236 жыл мурун, 1781-жылы 13-мартта англис астроному Уильям Гершель өзү жасаган телескоп менен Күн системинин жетинчи планетасы Уранды ачкан. Урандын жаңы планета экендиги маалым болору замат, Уильям Гершелдин баркы көтөрүлүп, ал падышалык сарайга кызматка алынган. Астроном учурдан пайдаланып жаңы планетаны падыша Георг IIIтүн урматына "Геордун Жылдызы" деп атаган. Немис астроному Иоганн Боде планетага гректердин асман кудайынын атынан Уран аталышын ыйгарганга чейин ал падышанын ысымы менен айтылып келген. Уран негизинен суутек, гелий жана метандан турат. Анын массасы Жердикинен 14,6 эсе чоң, ал эми тыгыздыгы 4,38 эсе биздин планетабыздыкынан кичирээк. Уранда муз көп болуп, андагы температура -224 градусту түзөт.
13-мартка карата жылнаама