"Turkish Airlines" авиакомпаниясынын жетекчилиги борт коштоочу айымдарга жумуш учурунда ооздорун кызыл, күлгүн өң менен боёого тыюу салганы жатат. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазган. Ошондой эле жакында кабыл алына турган күн тартибине ылайык, компаниянын кызматкерлери боёнгондо ачык түстөргө басым жасалбашы керек. Ошондой эле борт коштоочу айымдар татуировка тарттырганга, кийме чач кийгенге жана чачтарын өтө чоң кылып түйбөөгө тийиш. Жетекчиликтин мындай кадамы өлкөнүн жарандарынын кыжырын келтирип, көпчүлүк айымдар нааразылык иретинде ооздору кызыл түскө боёлуп түшкөн сүрөттөрүн интернет баракчаларына жүктөп башташкан.