Медиа-порталдагы "Элдик видео" бөлүмүнө "Алия Шагиева күйөөгө тийгенде" аталышындагы видео жүктөлдү.
Видеодо Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева күйөөсү Константин Рязанов жана экөөнүн жакындары менен Бишкектеги Бакыт үйүнө никеге турууга кирип бара жатканы көрсөтүлөт. Алардан сыркары, президенттин аялы Раиса Атамбаеваны да көрүүгө болот.
Тилекке каршы, эки жаштын нике күбөлүгүн алып жаткандары видеодо жок. Алия Шагиеванын бактылуу экени байкалат.
Эскерте кетсек, Алия Шагиева өткөн жылдын август айынын аягында турмушка чыккан. Бул тууралуу коомчулукка өзү 3-сентябрда жарыялаган. Ал эми 3-мартта анын кош бойлуу экени белгилүү болгон.
Видеону көрүү үчүн бул жерди басыңыз.