Тажикстанда сөөктү жерге берүү иш-чарасынан кайтып келе жаткандар жол кырсыгына кабылышып, 6 адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, кырсык 11-март күнү саат 16:00 чамасында Вахдат шаарындагы көрүстөндөрдүн биринде болгон. Сөөктү жерге берүү иш-чарасынан кайткан ЗИЛ унаасы жол кырсыгына кабылып, 6 адам ошол жерде каза болгон. Ал эми 13 адам ооруканага жеткирилген. 12-март күнү ооруканадагылардын экөө жан берген.
Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктын келип чыгышына унаанын тормозунун кармабай калышы себеп болгон. Мындан улам ЗИЛ алгач бакты сүзүп, кийин оодарылып кеткен.