Бишкек шаарында күйүүчү майлардын баасы көтөрүлүп баштады. 13-мартка карата Бишкекте унаага май куюучу жайларда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 50 тыйынга кымбаттады.
Мындан 10 күн мурун АИ-92 бензини 38 сом 70 тыйындан сатылып жатса, учурда 39 сом 20 тыйын. Өлкөнү мунай продукциясы менен камсыздаган негизги компаниянын май куюучу жайларында 13-мартка карата баалар мындай:
АИ-98 - 45 сом 00 тыйын;
АИ-95 - 41 сом 70 тыйын;
АИ-92 - 39 сом 50 тыйын;
АИ-95 - 40 сом 50 тыйын;
АИ-92 - 38 сом 00 тыйын;