Бишкектин айрым көчөлөрүнө 15-22-марттарда газ берилбейт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 13-мартта билдирди.
"Бишкекгаз" ишканасынын маалыматы боюнча мындай чара борбор калаанын кээ бир көчөлөрүндө оңдоо иштери жүрө тургандыктан киргизилүүдө.
"Газ Буурдинская-Темировский-Мессароша-Профсоюзная көчөлөрүнө, бардыгы 308 абонентке берилбейт", - деп жазылат мэриянын маалыматында.