6-марттан 7-мартка караган түнү Кара-Суу районундагы №97-Учкун орто мектебинин имаратына белгисиз адамдар тарабынан кол салуу болгонун окурман SUPER.KG порталына 7-мартта билдирген.
Мектепке кол салганга шектелип ошол эле райондун тургуну, ата-энеси мектепте иштеген жаран кармалган. Бул тууралуу Кара-Суу районунун акиминин орун басары Мээрим Жороева билдирди.
"Кол салууга шектүү делип, ата-энеси ошол меткепте иштеген тургун кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголушу мүмкүн. Учурда терезе, эшиктер салынды. Келтирилген чыгымдардын баары төлөнөт", - деди М.Жороева.