Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкекте 1, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 3, Ош шаарында 1 өрт кырсыгы болгон.
Ош облусунун Өзгөн районунда турак үйдүн 25 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгышына жылытуучу системдин туура эмес түзүлүшү себеп болгон.