Кытайдын Тайчжоу шаарында айдоочу рулду башкара албай жол жээгиндеги үйдүн чатырына чыгып кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары 12-мартта жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, айдоочу каршы тилкеде келе жаткан унаа менен кагылышуудан качуу аракетин көргөн.
"Каршы тилкеде келе жаткан унаа менен кагылышуудан качуу үчүн мен унааны бурайын дегем. Бирок капысынан ылдамдыкты катуу басып алып, үйдүн чатырына чыгып кеттим", - дейт айдоочу.
Окуя болгон жерге келген полициялар айдоочунун өзүн шаты менен алып түшүшкөн. Ал эми унааны кран менен алышкан.