Салтанат Аширова Украинадагы "Голос" долбоорунда алгачкы беттешин өткөрүп, өтпөй калды

Ырчы Салтанат Аширова Украинадагы "Голос" долбоорунун 7-сезонунда 12-мартта алгачкы беттешин өткөрдү. Анда ал өзүнүн насаатчысы Потаптын командасындагы Катя Еременко менен чыгып, украиналык "Время и стекло" тобунун "Наверное, потому что" ырын аткарган.

Экөө ырдап бүткөн соң Потаптын чакыруусу менен келген "Время и стекло" тобу катышуучуларды куттуктап, ырдын үзүндүсүн кайрадан бирге аткарышкан.

Долбоордун насаатчыларынын бири Сергей Бабкин эки катышуучу тең ырды жакшы аткарышканын белгилеп, жеңишти Катя Еременкого табышмагы жана интригасы үчүн берген. Ал эми Жамала жеңишти Салтанат Ашировага ыйгарса, Потап долбоордо Катя Еременкону көрүү кызыктуу экенин айтып, аны тандаган.

Салтанат Ашированы куткаруу үчүн насаатчыларга 10 секунд берилген. Аны акыркы секундда алгачкы турда Ашировадан баш тарткан Жамала сактап калган.

"Муну менен мен, Салтанат бул долбоордон өскөнүн көрсөткүм келди. Азыр ал башка Салтанат. Долбоор үчүн бул маанилүү", - деген Жамала.

Ал эми Салтанат шок абалда болуп жатканын айтып, кетип калбаганына сүйүнүп жатканын билдирген.

Бирок долбоордун кийинки катышуучулары, Потаптын командасындагы Владислав жана Ирина “Sub Pielea Mea” ырын аткарышканда, Потап Владиславды тандаган. Иринаны да насаатчылардын тандоосуна коюшканда, Жамала Салтанат Ашировадан кайрадан баш тартып, Иринаны тандап кеткен.

Салтанат Аширова Иринага "эч нерсе эмес, мен болгону мынчалык тез болот деп ойлогон эмесмин" деп, долбоорду калтырды.

"Голос" сынагы. Катя vs. Салтанат - “Наверно, потому что”
"Голос" сынагы. Владислав vs. Ирина - “Sub Pielea Mea”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
benzema4
2017-03-13 11:14:51
Эн соонун !!!
-2
Farm94
2017-03-13 11:26:00
Бул жамаланы Кыргызстандык дегенибиз м.н эч кандай жакшылык алып келбейт Евровиденияны саясаттын кучу м.н женген
+3
Abdyrashit.Satylganov
2017-03-13 11:30:32
Буларда деле сынак саясатташып өтөт..Жамала Салтанаттын финалга жетпесин түшүнгөн бодушу мүмкүн..үнү менен эмес Кыргызстандык болгону үчүн финалга алып чыкмак эмес булар
+1
Riokyrgyz
2017-03-13 21:11:34
Abdyrashit.Satylganov,А Кайратты эмне себептен алып чыкты десем ал Россияда болчу дейсин.
0
Jako18
2017-03-13 12:14:19
ХХХ ХХХ көңүл бөлүш керек. Стили дагы жакпайт. Бирок ИЙГИЛИК.
+3
admin_media
2017-03-13 14:14:53
Jako18, кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
-2
pixduel1
2017-03-14 02:22:02
Салтанат жогорку денгээлде ырдаганда же болбосо голосун кучтуу жактан корсоткондо баары башкача болмок. Да и внешность да роль ойногон бир аз , салмактуу айым. Жамала эки жуздуу корунду , не уверенный ! Салтанат эч качан кайгырба все впереди! Жамала деле кыйратып ырдабайт негизи)))
-1
Akzholtoi_Zhamashbekova
2017-03-14 05:42:04
Жамаланын бул кылыгы өтө таң калычтуу, чыныгы эки жүздүү экенин эл алдында тастыктап жатат. Чынында түшүнүксүз айым экен, өзүн туу тутуп. Мындайды көргөндө албетте жүрөгүң ооруйт, же башында эле үмүт берип куткарбай коюш керек болчу. Салтанат жашоодо жеңүү да, жеңилүү да болот, сени бул долбоордогу сыноо мындан
да курч кылат деп ишенебиз сен биз үчүн ар дайым алдыдасың!!!
-1
Imaw.95
2017-03-14 18:52:00
Салтанат ийгилик! Ошону менен токтоп калбай алдыга умтула бер. Артка жол жок!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан