"Бир бол" фракциясынын депутаты Алмасбек Акматов архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин директору Бактыбек Абдиевге эскертүү берүүнү сунуштады.
Эл өкүлүнүн билдиришинче, буга Абдиевдин парламенттеги Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынына экинчи ирет келбей койгону себеп болгон. Агенттиктин өкүлүнүн айтымында, ал Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынына катышууда.
Депутаттар кийинки жыйынга дагы катышпай турган болсо эскертүү берүүнү айтышты. Жыйында агенттикке тиешелүү маселелер каралды.
"Кара-Суу Таза-Суу" муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.