Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагындагы Найман айылындагы трансформатор тургундар үчүн кооптуу болуп жаткандыгын окурман бүгүн, 13-мартта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Трансформатор ушундай абалда ачык турат. РЭСтин эсебинен тосуу керекпи же элден акча чогултуу керекпи? Айылдын 80 пайыз жашоочулары дыйканчылык кылышат, ушул жерден өтүшөт. Алардын өмүрүнө зыяны тийип калышы мүмкүн. Бул трансформатор былтыр элден чогулган акчага оңдолуп, турган орду жылдырылган. Эл 80 миңдей акча чогулткан. Эми дагы тосконго акча чогулталы десек, элдер жаман көрүп жатышат. Коопсуздугун камсыздоо кимдин милдети? 5-6 айдан бери тосулбай турат. Былтыр чогулган акчанын калганы айыл өкмөттө иштеген кишиде. Бирок "ал мынча калды, мынча жетпейт" деп айтпайт. Эл чогулган жерге барбай жүрөт", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.