Ош шаарында 33 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинен билдиришти.
Маалым болгондой, жансыз дене 12-мартта эртең менен Ош технологиялык университетинин аскердик факультетинин имаратынын жанынан табылган. Текшерүүнүн жыйынтыгында аялдын өздүгү аныкталды. Ал Кара-Суу районунун Фуркат айылынын 1983-жылы туулган тургуну экени белгилүү болду. Учурда өлүмдүн себеби иликтенүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, аял сууктан улам каза болгон.