Кыргыз элинин эпосунун башкы каарманы - Манастын ысымы дүйнөдөгү бир канча өлкөлөрдө кездешет. Манасчы Замирбек Баялиев бүгүн, 13-мартта SUPER.KG порталына алар тууралуу баяндап берди.
1. Непал Федеративдик-Демократиялык Республикасындагы Манаслу чокусу. Анын бийиктиги 8 миң 128 метрди түзөт.
Непалдагы Манаслу чокусу
2. Индия Республикасында узундугу 500 чакырымга жеткен дарыя агат. Мындан тышкары бул өлкөдө 1990-жылы негизделген улуттук Манас паркы бар. Анын аянты 950 чарчы чакырым.
Индиядагы Манас улуттук паркы
3. Тибет автономиялуу округунда бийиктиги 4 миң 557 метрди түзгөн Манас көлү бар. Ал деңиз деңгээлинен 4590 метр бийиктикте жатат жана дүйнөдөгү бийиктикте жайгашкан тузсуз көлдөрдүн бири. Жергиликтүүлөр аны "Манаса Саровар" деп аташат. Биздин тилге которгондо "Манас көлү" деген маанини берет.
Тибеттеги Манас көлү
4. Батыш Кытайда узундугу 402 чакырым болгон Манас дарыясы агып, Манас көлүнө куят. Дарыянын аянты 4056 чарчы чакырым.
Батыш Кытайдагы Манас дарыясы
5. Кавказ тоолорундагы Манас дарыясы суусун Каспий деңизине куят. Анын жанында Дагестанда Манаскент аталышындагы шаар жана Манас курорту бар. Манаскент шаары
6. Алтайда Манас көлү бар, ал деңиз деңгээлинен 2 миң 331 метр бийиктикте жайгашкан. Мындан тышкары "Манас тоо" деген чоку жайгашып, бийиктиги 2038 метрге жетет.
Алтайдагы Манас көлү
7. Өзбекстанда да 300 чакырым узундуктагы Манас каналы бар.
"Жетинин бири кыдыр деп жетөөнү мисал келтирдим", - дейт манасчы.