Бишкекте чет элдик жарандарды тоногон кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 5-март күнү Свердлов РИИБине 22 жаштагы Түркиянын жараны кайрылып, белгисиз адамдар аны сабап, 100 долларык моюнга таккан чынжырын алып кетишкенин айткан. Ушундай эле тоноо фактысы боюнча арыз менен Түркиянын, Германиянын жарандары да кайрылышкан. Бул фактылар боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 19 жаштагы Т.Ж., 21 жаштагы Н.К., 20 жаштагы Т.А. жана Ч.И. кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.