Садык Шер-Нияз: “Манас тууралуу тасманын сценарийинин өзөгү даяр”

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз Манас тууралуу тасма тартат. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта SUPER.KG порталына депутат өзү билдирди.

Эл өкүлү "Манас" эпосу жөнүндө тасма тартууга убакыт келип жеткенин белгиледи. "Тасманы 10-20 миллион долларга тартсак болмок. Бирок бүгүнкү күндө андай каражатка тартуу мүмкүн эмес. Ошондуктан кыскартып, азайтып 2 миллион долларга тарталы деген чечимге келдик. Тааныш, жоро-жолдоштор тарабынан 20-25 пайыз каражат чогулду. Азыр пикир жыйноо учуру жүрүп жатат. Буга кыргыз эли, маданият өкүлдөрү кандай карайт? Техника, технология, артисттер даяр. Каржы маселеси калды", - деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Adilet_adi
2017-03-13 15:00:45
Курманжан датканыда Садык шер начар тартып койгон. Манасты да тарата алышпайтгоо менимче
-3
terabait
2017-03-13 15:45:05
Adilet_adi,туура начар тартылган бирок Садык Шерниязды абдан сыйлайм, УЛУУ МАНАСТЫ жакшы күчтүү любопытный режисёр тартса деп ойлогом
+6
Riokyrgyz
2017-03-13 20:54:18
Adilet_adi,эмнеге начар тартылган.тим эле сынчы болуп кетесин да.начар болгону учун жанагындай чон чон сыйлыктарды алмак беле.эн сонун эле тартылган.аз каражатка мыкты фильм.
-2
Ulan2601
2017-03-13 15:09:01
Жакшы ушундай тарыхты чагылдырган тасмаларды тарта бергиле!! Кокон хандыгы Алымбек датка, Ормон хан жонундо да тарткыла
+7
Dastanwanted
2017-03-13 15:26:05
Манасты Даназалу дор сыякту сериал кылып тартсаныз кызыктуу болор беле Шер Нияз байке.
+4
Jako18
2017-03-13 15:58:02
Бир аз эрте себеби кино ойдогудай чыкпай калса Манастын деңгээлин түшүрүп алабызбы деп корком! Курманжан Датка 70млн.го тартылды эле бирок бир аз болбой калган. Эми 2000000$ тартса кандай болот билбейм.
+4
bekhaliev
2017-03-13 16:38:54
кытайлык кыргыздар м.н тартыш к.к деп ойлойм аларда кыйын кыргыздар копго и жакшы режиссёрда бар
+5
Abdyrashit.Satylganov
2017-03-13 16:49:11
2 миллинонго мыкты тасма тартылбаса керек деп ойдойм..каражатка такап тасманын мазмунун кыскартып.маңызын кетирип саласыңар..Андан көрө чет өлкөлүк продюсерлерден издесенер жакшы болмок.дүйнөлүк сатыкка чыгып калса кетирген чыгымды 10 эсе кылып жыйнап алышаары анык.Анан албетте голливуд актёрлордон да тартсаңар..тасма дүйнөгө таанылмак
+6
AzKumFerDan
2017-03-13 16:58:18
Курманжан датка жакшы тартылган.албетте сюжеттери аз .Манас эпосун мункун болсо турду сюжет толтургула Чыныгы манасты корсоткуло.Тиги Даназалуур доор деп айтышат ошонтип тартыла деп жок анда кызыгы кетет.Андан коро 3болук кылып болуп тартса жакшы чыгат
0
aszyma
2017-03-13 19:26:57
Ооба болуп тарткыла?Сериал кылып жок дегенде 20серия. Манастын Семетейдин,Сейтектин баарынын жашоосун корсотуп бергиле.
+2
Bolunbo.kyrgyz
2017-03-13 19:35:29
Акчасын топтоп элден сурасын берели жакшылап тартылсын шашпай кетпей азаматсыз Садык байке озунузчо эле иштей бериниз пайдалуу тигилерге окшоп жеп уурдап чукушуп отурбастан сизди колдойбуз бар болунуз
+3
Kleopatra01
2017-03-13 21:25:35
Мен да дайым ойлойт элем эмнеге биз да Манасыбызыбыздын киносун тартсак болбойт деп. Маданият министри бул демилгеге жакшылап конул бурушу керек. Жардам бериш керек. Элге кайрылса да жон турбастырбыз.
+1
Baktiiar1995
2017-03-14 00:04:35
Жоок азыр эрте болчу, Манас эпосун эфирге алып чыгуу жакшы ой, бирок Манас эпосу дүйнөдөгү эпостордун ичинен көлөмү жагынан 1-оорунда турат. Бул бөлүнгөн каражатка тартылса анда өтө эле кыска болуп калат. Менимче дагы каражат табу керек. Болушунча сапатуу, көрүнүктүү, жана түшүнүктүү болушу керек. Башкалар Манас эпосунун дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос экенине ынангыдай болуусу шарт деп ойлойм.
+3
bolsunalban
2017-03-14 02:49:59
Baktiiar1995, Эң туура айтасың.
0
KG.2606.Noo
2017-03-14 00:10:32
Улуу Манастын киносун дуйнодогу жетишкен Гладиатор,Великаны,Торя атуу кинолордон мыкты болуш керек.
+3
bolsunalban
2017-03-14 02:48:47
Манасты тартканга жараша дүйнөлүк деңгээлде тартышса эң жакшы болмок. Башка мамлекеттер менен биргелешип дегендей.. Мисалы Александр Македонский ж.б. сыяктуу кылып.
+2
altynaiB
2017-03-14 03:28:25
Улуу Манас атабыздын жана "Манас" эпосунун кадыр баркын тушурбош керек эч качан. Бул деген кыргызды дуйного тааныткан сыймыгыбыз. Баа жеткис байлыгыбыз кенчибиз.Эн кучтуу деген тасма жаратуучулар менен иштешиш керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан